Соцтармактардагы улут аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр иликтенүүдө
Новость KTRK/videograp

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети интернеттеги социалдык тармактарда аймак жана улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү иликтеп жатканын кабарлады. 

Мекеме тараткан маалыматта Кылмыш кодексинин 313-беренесине ылайык, расалык, улут аралык, диний, аймактык кастыкты козутуу үчүн беш жылдан жети жарым жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы эске салынган.