Жыгачтары чирип, кооптуу абалда турган көпүрө
Новость

POST1RIGHT

Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылына каттаган жолдогу Кара-Сай көпүрөсү кооптуу абалда турат. Куру убадалардан тажап бүттүк. Бул көпүрөгө 15 миллион сом бөлүнгөн. Бирок анын пайдасын көрө элекбиз. Мурун да "Элдик репортерго" жөнөткөнбүз. Ошондо бир келип оңдомуш болуп кетишкен. Унаалар араң өтөт көпүрөдөн. Ал эми  оор жүк ташыган унаалар өтө алышпайт. Сууну кесип өтүшөт. Туристтер да ушул көпүрө менен өтүшөт. Эми уят да ушинтип турганы. Көпүрө өтө эле ичке. Жыгачтары чирип калган. Астына муз тонгон. Суу көп келсе эгер, көпүрөнү жөн эле алып кетет,- деген автор видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.