«Мектепке электрондук каттоо» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда
Новость KTRK/videograp

Бишкекте 17755 бала быйыл биринчи класстын босогосун аттайт. Алардын он беш миң эки жүзү электрондук каттоого алынган. 

Калган балдар үчүн 15-августка чейин убакыт бар. Долбоор балдарга бирдей шарт түзүү максатында иштелип чыккан. 

Ата-энелердин кайсы мектепте канча окуучу бар экенин компьютер же телефон аркылуу билиши “Мектептердеги электрондук каттоонун” негизги артыкчылыгы болуп саналат. Маалыматтар ар дайым онлайн режимде жеткиликтүү болот.