Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу 498-контур деп аталган жерде, жарандардын жерлерин мыйзамсыз басып алып, кайрадан башкаларга сатып жиберген жаран тууралуу "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн.
Бул жерди мен 2012-жылы сатып алганмын. 2 гектар 64 соттых. Мен сатып алганда бош эле турган, арпа тигилген бойдон. 2014-жылдан баштап Музуралиева Роза деген жаран келип 4 соттыхтан бөлүп менин жеримди кошо сатып жиберген. 2017-жылы мен арыз менен кайрылып бул адамдын үстүнөн кылмыш иши козголгон. 1 жыл 7 ай ал сизодо отуруп чыгып Сокулук сотту ишин кыскартып салган. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө канча арыздарыбыз жатат каралбай. 2014-жылдан бери ушул көрүнүш. Тынчтык көрбөй калдык. Тийешелүү органдар ушул маселени тез арада чечип беришин суранабыз,- деп кайрылган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.