POST1RIGHT
Өзгөн районуна караштуу Алтын-Булак айылында 10-июль күнү саат 11.00 жер көчкү түштү. Жер көчкү айыл тургунунун үйүнө жакын жерге түшүп, анын кесепетинен үйдүн ичинде жаракалар пайда болгон.
Көчкү түшкөндө 5-6 балл жер титирегендей болуп эле, үйүм катуу силкинди. Үйүмдүн ичи, сырттынан жаракалар кетти. Айыл өкмөткө кайрылгам, жыйынттык жок, келип карап кеткен деле жок. Үй-бүлөм менен кооптуу жерде калдым. Өзгөн шаарынын мэриясына, ӨКМга кайырылат элем, келип бул жерди көрүп кетишин. Кокус дагы жер көчкү жүрсө басып калуу коркунучда турат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.