POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунун Тагай-Бий көчөсүндө жөө адамдар басуучу тротуар каралган эмес. Унаалардын ылдамдыгы жогору болгондуктан, жол чети менен баскан тургундар үчүн бир топ эле кооптуулук жаратып жатканына нааразы болгон автор, видеосу менен бөлүшкөн.
Жолдун эки тарабында тең тротуар жок. Жакында окуу жылы башталат. Мектеп окуучуларына кыйын болуп жатат бул жол менен мектепке барып келүү. Жолдун туурасы абдан эле ичке салынган. Дагы бир көйгөйлүү маселебиз, бул кечки саат 21.00 кийин коомдук транспорттор жүрбөй калат. Ушул маселебизди тийиштүү органдар карап берип койсо,-деп кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.