Кажы-Сай: даараткана таппай убара тарткан эс алуучулар
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылына эс алганы барган эс алуучулар даараткана таппай убара тартышууда. Эс алуучулар үчүн даараткана жок экен. Эч кандай шарттар түзүлгөн эмес. Убара болуп даараткана издеп, айылдын башына чейин барып жатабыз. Канчалаган элдер келип жатат. Кызык дааратканага кайсыл жерге барып жатышат? Же көлдү булгап жатышабы ким билет. Туристерда көп келишет экен. Аларга деле уят болуп жатабыз да. Ушул жерди иштетип жаткандар деле эс алуучуларга шарт түзүп даараткана салып коюшса болмок,-деп ачууланган автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.