POST1RIGHT
Өткөн жылы Ош облусунун Чон-Алай районунун Сары-Булак айылындагы жолдун жээгиндеги Кызыл-Суу дарыясына дамбалар орнотулган. Бул дамбаларды айыл тургундары "Элдик репортерго" жөнөткөндөн кийин курулган. Видеодо көрүнүп тургандай шагыл эле төгүп койгон таштан торлордон кабар жок, быйыл мына мынтип суу кайра эле дамбаларды жеп кетти. Жолду суу жеп, электр мамычалары жарактан чыгуу коркунучунда турат. Жыл сайын мамлекеттин акчасын калп эле иш кылдык деп жебестен таш төгүп койсо бир жолу бүтмөк,- деп ачууланган автор видеосу менен бөлүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.