Бүгүн Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин карайт
Новость www

POST1RIGHT Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу  камактагы “Ата Мекен” партиясынын лидери  Өмүрбек Текебаевдин ишин карайт. Отурум  бүгүн  саат төрткө белгиленген.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы  россиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.