Кадамжай: жолду тороп, айланасын тосуп алган бала бакча
Новость

POST1RIGHT

Баткен облусунун Кадамжай шаарынын А.Орозбеков борбордук көчөсүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан мурдагы "КСК" акционердик коомунун жатаканасынын артында жашаган жергиликтүү тургундар "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. Бул жатакана болчу, азыр сатылып кетип, учурда мыйзамсыз "Аруу" деген бала бакча иштеп жатат. Бала бакчанын жетекчиси жатакананын айланасын тосуп, ал жерде жашаган жашоочулардын үйлөрүнүн астына чейин адам басканга жол калтырбай тосуп алган. Айланасын тосконго кайсыл бир учурда Кадамжай шаарынын мэри токтом бериптир. Эмне үчүн карапайым элди ойлошпойт булар? Мына мынтип үйдөн чыга албай отуруп калдык. Тегереги таштандыга толгон. Тиешелүү органдардан жооп алып беришиңиздерди суранабыз.

Чындыгында видеону көрүп, кокус үйлөрдүн биринен өрт чыгып кетсе, өрт өчүрүүчү унаалар кантип кирет деген суроо пайда болот экен. 



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.