POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы базардын астындагы аялдаманын алдын айдоочулар унаа токтотуучу жай кылып алышкан. Мындан улам аялдамада турган элдер, токтоп турган унааларды айланып өтүп коомдук транспортторго отуруп жатышат. Ал таксилер болсо тротуарга чыгып унааларын токтотуп алышкан. Жол кыймылын тескөөчүлөр ушундайларга көңүл буруп, тартипке алып келсе,- дейт окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.