POST1RIGHT 18-июлдан 20-июлга чейин КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы «Сары-Таш 2019» машыгуусун өткөрөт. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.
Максат - Республикада мыйзамсыз куралдуу топту жок кылуу боюнча биргелешкен операциялык машыгууларга даярдык көрүү болуп саналат. Ага 500гө жакын аскер кызматкери, 100дөн ашык аскердик техника тартылат.