POST1RIGHT
Бишкектеги Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунда балдар ойноочу аянтча салынып, пайдаланууга берилген. Бирок азыр эшиги бекилип турат. Буга нааразы болгон тургундар "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.
Бул аянтча Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду, Роза Отунбаеванын демилгеси" менен салынган. Ачылганына 1 ай боло элек. Мына эми мынтип кулпу менен бекитип коюп жатышат. Ойногону келген балдар ичине секирип түшүп буттарын кокустатып жатышат. Ичинин баары таштанды. Муну ким бекитип жатканын билбейбиз. Балдар үчүн салынганбы бул аянтча? Же ортодон бизнес кылып жатышабы?- деп суроо салган конуштун тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.