POST1RIGHT
Ош облусунун Черёмушки кичи районундагы Рысбай Абдыкадыров менен Чкалов көчөлөрү кесилишкен жерде жол белгилер коюлган эмес.
Ушул жолдон өтүүчүлөрдүн жок эле дегенде 70-80% кош бойлуу айымдар, жаш балдар, оорукчан жарандар түзөт. Ал эми айдоочулар жогорку ылдамдыкта айдап өтүшөт. Атайын жөө жүргүнчүлөр үчүн жол белгилеринин өңү өчүп, көрүнбөй калган, жол боюндагы мамычага атайын жол белги коюлбаган. Абдан эле кооптуу,- деген автор видеосу менен бөлүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.