Баткен облусунун аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды
Новость KTRK/videograp

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 16-июнда болжол менен саат 16:45тер чамасында Баткен облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 6 баллга жеткен. 

Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Өтөк, Советский, Кызыл-Коргон айылдарында - 5 балл, Баткен жана Кадамжай шаарларында – 4 балл жана Кызыл-Кыя шаарында – 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.