Араван: жол жээгиндеги бак-дарактарга суу жетпей жатат
Новость

POST1RIGHT

Ош облусунун Араван районундагы жол жээгиндеги бак-дарактарага суу жетпей жатат. Арыктар стандартка жооп бербейт, себеби сууну жерге өткөрүүчү тешикчелери жок.

Арыкка суу келип атат, бирок арыктын ичинде тешиктер жок. Мурун арыктардын ичинде тешиктер болчу эле, ал аркылуу бактарга суу жетчү. Ал эми азыркы салынып жаткан арыктар туюк, тешиги жок салынып жатат. Ошон үчүн бак-дарактарга суу жетпей, куурап жатат,- деген окурман "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.