Аламүдүн: ысыкта ичерге суу жок
Новость

POST1RIGHT

Аламүдүн районундагы Полицейский городок конушунда 2 күндөн бери суу жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургун билдирди. 

Эки күндөн бери суу жок отурабыз. Суунун акчасын убагында төлөйбүз. Ал эми квитанциясы келбейт. Тиешелүү органдар бул маселени чечип беришин суранабыз,- деген автор видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.