ЕККУ өкүлү Кыргызстандагы сөз эркиндигин жогору баалады
Новость KTRK/videograp

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлү Арлен Дезирди кабыл алды. POST1RIGHT

Жолугушууда сөз эркиндигин жана ЖМКнын эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун кызматташуусунун маселелери талкууланды. 

Ошондой эле «фактчекинг» институтунун ролун жана ЖМК өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын маалымат кызматтарынын кызматкерлери үчүн окутууларды өткөрүүнүн натыйжалуулугун белгилешти. 

Өз кезегинде министр Айдарбеков ЖМКлар жана социалдык тармактар менен жигердүү иштешүүнүн маанилүүлүгүн, ошол эле учурда «фейк жаңылыктар» сыяктуу көрүнүштөргө каршы туруу боюнча тажрыйбаны жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи.