POST1RIGHT Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова абактан ооруканага которулганын жактоочусунун билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Гүлнара Каримова 10 жылга эркинен ажыратылып, Ташкент шаарындагы абакка камакка алынган.
Гулнара Каримова Ташкент облусунун Зангиота районундагы №21 абакта жазасын өтөп жаткан.
2015-жылы ага Швеция, Швейцария жана Америкада кылмыш иш козголуп, миллиарддаган долларга ээлик кылган деп айыпталган.
2017-жылы декабрь айында ал Өзбекстанда 53 млн. долларды кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кесилген.