Баткен жана Согди облус башчылары чек арадагы абал боюнча сүйлөшүштү
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Баткен Согди облустарынын башчылары Акрам Мадумаров менен Раджоббой Ахмодзода кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуяга байланыштуу Ак-Сай айылынын Дача участкасында жолугушту. 

Жетекчилер чек арада чыккан чыр-чатакты жөнгө салуу, пикир келишпестиктин себептерин аныктоо, жоюу, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коңшулаш айыл элин ынтымакка чакыруу боюнча иш алып барууну макулдашты.