"Элдик репортер" долбооруна Ысык-Көл облусунун Бостери айыл тургуну жарнама жайгаштыруу үчүн бактын кыйылган сүрөтүн тартып жөнөткөн.
"20-июлда Мегакомдун жарнамалык баннерин жайгаштыруу үчүн Бостери айлындагы Аман Мамытов көчөсүндөгү диаметри 12-17 см болгон 4 кайыңды кыйып салышыптыр. Сонун болуп бой тиреп өсүп, айылга көрк берип келе жатышты эле. Эми мына минтип кыйып салышыптыр, буга ким жооп берет?",- деп суроо салган. 

