Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнө караштуу Шамалды-Сай темир жол станциясынын жанында үйүлүп, төгүлүп жаткан таш көмүр тынымсыз күйүп, андан чыккан түтүн эл жашаган аймакты каптоодо.
"Ашыкча ташылып келип, үйүлүп, тазаланбай чаңдап жаткан көмүр тынымсыз күйүп, түтүнү элди уулантып бүттү. Балдарыбыз ооруп жатат. Биз таза аба менен дем ала албай калдык. Билген жерлерибизге кайрылдык, эч майнап жок. Ушул көйгөйүбүздү карап, жардам бериңиздер. Эмне кыларыбызды билбей калдык",- дейт тасманын автору.