Бишкектеги №8-бейтапканадан чыккан суу короолорду сазга айландырды
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарындагы №8-бейтапкананын канализациясынан чыккан суу канча жылдан бери үйлөрдүн короосун каптап, сазга айлан. Жайкысын жагымсыз жыттанып, кышкысын көк жылгаякка айланган канализация суусун токтотуп оңдоп койгон киши жок. Аталган бейтапкана жетекчилиги, шаардык суу канал башкармачыгылы бири-бирине шылтап, маселе чечилбей келет.  

"Көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун каптаган суу сазга айланды. Балдар түшүнбөй, айтсак да болбой келип ойношот, кышкысын муз тебишет. Өзүңүздөр билгендей медициналык мекемеден чыккан канализация суусу өтө эле кир, коркунучтуу",- дейт шаар тургуну.