Кыргызстанда экологиялык таза азык өндүргөн дыйкан чарбалардын саны көбөйдү
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда экологиялык таза азык өндүргөн дыйкан чарбалардын саны 180 миңден ашты. Алардын демилгеси менен 2023-жылга чейин органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды. 

Мунун алкагында өлкөдөгү фермерлер химиялык жер семирткичтерди эмес табигый жер семирткичтерди, дарыларды гана колдонууну сунуштап жатышат. 

Ошондой эле айыл чарба продукциялары жакшырып, аларды чет өлкөгө алып чыгууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк жараларын айыл чарба адистери белгилешүүдө. 

Министрлик бул багытта Германия басып өткөн тажрыйбаны колдонгонду эп көрүүдө. Кыргызстан азыр бул жаатта балким алдыңкы орунга чыга албашы мүмкүн, бирок органикалык азыктардын сапаты жагынан мыкты жыйынтык көрсөтө алат дешет адистер. Экологиялык жактан таза азык-түлүктүн көлөмүн көбөйтүү максатында органикалык айыл чарба департаменти түзүлгөн.