Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кош-Дөбө айылында малды купка салгандан эки айдай убакыт өтсө да, купканын суусу тазаланбай күндүн ысыгында жагымсыз жыттанып турат. Негизи үстү жабылып туруш керек экен, бул купка болсо ачык турат.
Эки жылдан бери колдонушуп, ушундай жагымсыз абалда таштап кетишет. Эч кандай санитардык эрежелер, коопсуздук шарттары каралган эмес. Тегеректе жаш балдар мал жайып көп жүрүшөт, ушул жерге да келишет. Алардын коопсуздугуна ким жооп берет?