Ысык-Көлдө биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өткөрүлүүдө
Новость turmush.kg

Ысык-Көл облусунда биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өткөрүлүүдө. Уюмдун регламентине ылайык, 2019-жылында төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өткөн. Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун иши достукту жана өз ара ишенимди бекемдөөдө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо позитивдүү ролду ойнойт.

Ошондой эле кызматташыкка жана мүчө-өлкөлөрүнүн географиялык чегинде өнүгүүгө көмөк көрсөтөт. Бул иш-чарада   мүчө-мамлекеттеринин делегациялары жогоруда аталган документтердин аткарылыш маселелерин, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жыйынтык иштерин карап чыгышат.

Белгилей кетсек биргелешкен көзөмөлдөө тобу (БКТ) «1996-жылдын  26-апрелиндеги чек ара аймактарында аскер жаатындагы ишенимди бекемдөө» жана 1997-жылдын 24-апрелиндеги "Чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу» макулдашууларга ылайык Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан Республикалары, Россия Федерациясынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда 1999-жылы түзүлгөн. Ушул жылы өзүнүн 20 жылдыгын белгилеп жатат.