Бишкек шаарындагы Чүй менен 7-Апрель (мурунку Алматы) көчөсүнүн кесилишинде жол белгилери туура эмес коюлган,- дейт автор. Алматы көчөсү менен өйдө чыгып баратканда сол тарапка бурулганга болбойт деген белги турат, бир да машине жок, бир тилке таптакыр бош турат. Калган унаа жүрүүчү тилкелердин барында машине толтура, алды, арты тыгын болуп жатат.
Ушуну карап түзгө, солго деп бир чечим чыгарып койсо болобу, дээги жол кенен. Ушуну эмне үчүн МАИ кызматы карашпайт? Айдоочуларга ыңгайсыз абал дейт,- шаар тургуну.