Хабаровск: фонтанга түшкөн 37 бала ичеги инфекциясы менен жабыркады
Новость www

POST1RIGHT Хабаровскиде  фонтанга түшкөндөн  кийин 37 бала ичеги инфекциясы менен жабыркады. 

Бул тууралуу РИА новости жазды. Маалыматка караганда, ооруканада 19 балага медициналык жардам көрсөтулүүдө.   

Лабораториялык изилдөөлөрдүн алдын ала    жыйынтыгында, балдардын анализинен  норовирус  чыккан.  Тиешелүу органдар  аталган фонтандын иштөөсүнө  тыюу салды.  Учурда  эпидемиологиялык изилдөөлөр уланууда.