Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылында таза суу өчүрүлүп, эл ысыктын күнү кыйналууда.
"Мына бүгүн суу келди деп сүйүнүп, кичинекей суу болсо да толтуруп алып жатабыз. Жайы менен суу көйгөйү тажатты. Ысыктын күнүндө ушундай аккан суу менен оокат кылып келебиз. Сууга төлөгүлө деген кагаз ай сайын кечиктирбей келет. Ичээрге келгенде суу жок. Сураныч жардам берип койгулачы? Суу башкармалыгы тегерек четтеги бакчаларга суу берип, сугарып жатышат. Силерге чейин суу жетпей жатат деп шылтоо кылышат. Суу барына бирдей болуш үчүн неге чара көрүлбөйт? Кимдир бирөөлөр бакчасынан бери таза суу менен сугарып жатышса, биз бир чыны сууга зарбыз. Төлгөнгө келгенде бирдей төлөйбүз",- дейт айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.