Чолпон-Ата: эс алуучу жайда таштанды таштаганга урна жок
Новость

POST1RIGHT

Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайдын абалы кейиштүү. Таштанды таштаганга урналар жок болгондуктан тегереги таштандыга толуп кеткен. Бул тууралуу "Элдик репортерго" шаар тургуну билдирүү жиберген.

Чет өлкөдөн көптөгөн сыймыктуу шаарыбыз ушундай абалда экенине аябай нааразымын. Мен шаар мэрине кайрылат элем бул жерди оңдоп, таштанды урналарын орнотуп койсо. Балдар ойногон аянтчадагы селкинчектер сынып калган. Кыргызстандын келечеги боло турчу жаш балдарга шарт түзүп берүүсүн өтүнөм.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.