POST1RIGHT
Аламүдүн районунун "Кыргызстан" жаңы конушунун Достук көчөсүндө канализациянын суусу көчөнү каптап жатат.
Бул көчөдө ар дайым ушундай көрүнүш. Жөн эле суу болсо да мейли эле, канализациянын суусу. Бул жерден "Шин-Лайн" компаниясынын канализациясы өткөн, эми ушул канализациясынын суусу жер алдынан чыгып, мынтип суу көчөнү каптап жатат. Жагымсыз жыт жыттанып ыңгайсыздык жаратып жатат. Айыл өкмөткө кайрылгандар бар бул жөнүндө, бирок такыр жыйынтыгын көргөн жокбуз. Жердин алдынан чыгат. Жолубузду да бузуп атат. Тийешелүү органдар чара көрсө жакшы болот эле,- деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.