POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы Анкара менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды төгүүчү жай бир жумада бир эле жолу тазаланат. Жуманын аягына чейин таштандылар толуп кетет. Эки урна бар ага бат эле таштанды толуп калат. Жумасына 2-3 жолу келип тазалап турса жакшы болмок. Ысыкта жагымсыз жыт чыгып, көчөнү каптайт. Кара-Жыгач конушунун башка көчөлөрдө деле таштандылар чачылып жатат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.