POST1RIGHT
Кыргыз Улуттук "Манас Ордо" комплексине кирип бараткан жеринде мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жана коляска менен жүргөн ата-энелерге эч кандай жолдор каралган эмес. Күмбөзгө кирүү акысы ар бир кишиге 30 сом экен, ал эми булар 45 сомдон сатып жатат. Түлөө акысы 700 сом болуп кетиптир, мурун 300 эле сом болчу. Эмне үчүн кымбаттатышты? Дааратканасында тазалык сакталган эмес,- деген билдирүүсүн "Элдик репортерго" жиберген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.