Суу жээгине ташталган таштандылар
Новость

POST1RIGHT

Военно-Антоновка айылынын тургуну суунун жээгине ташталган таштандыларды видеого тартып "Элдик репортерго" жиберген. Анын айтымында, 

Жакшы айтылган сөз бар “Европада жашагың келеби? Анда какырба, түкүрүнбө, таштанды ыргытпа, мамлекет тарабынан берилген мыйзамды бузба! Мына ошондо сен жашаган аймак Европага айланат" деген. Бүгүн кечки чуркоого чыксам өтө кабатырлана турган көрүнүшкө туш болдум. Жолдун оң четинде, күн батыш тарабында өтө көп өлчөмдө Ала-Тоонун суусу агат экен. Бирок кичине үстү жагын карасаңыздар өтө жийиркеничтүү болгон таштандылар жатат. Бул аккан суу менен дыйкандар өзүлөрүнүн жерлерин сугарат. Анан ар кайсы оорулар кайсы жерден чыгат дейсиздер? Кыскасы айтканда, биз Кыргызстандын жарандары кайсыл жердин жер кыртышында жайгашпайлы тазалыкты сактап, маданияттуу эл экенибизди көргөзүп туура жашоо менен жашаганы аракет жазайлык, -дейт автор. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.