POST1RIGHT
Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын тургундары сүттүн баасы түшүп кеткенине нааразы болушууда.
Азыркы мезгилде айыл жеринде эмес шаарларда эч кандай ишканалар иштебей турган мезгил. Ал эми айыл жеринде элдер өз киндиктерин өзүлөрү кесип, эч кимдин көзүн карабай, өз арабаларын өзүлөрү тартып жан багып келишет. Көпчүлүк жаштарга да иш жок. Ошондуктан малдын көзүн карап жашап келишет. Ал эми сүт заводдору өзүм билемдикке салып күндөн-күнгө сүттүн баасын арзандатып келишүүдө. Сүттүн баасы бир литр суунун баасына да тең келбей калды,- дейт билдирүү жиберген автор.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.