Өлкөдө 660 мектеп интернетке туташтырылды
Новость www

POST1RIGHT Кыргызстанда 660 мектеп интернетке туташтырылды.  Ал эми 81 мектеп ушул жылдын 1-сентябрына чейин интернетке кошулат. 

Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров билдирди.  

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында 300гө жакын  айыл өкмөт,  600дөй  медициналык мекеме интернетке туташтырылып, ошондой эле почта бөлүмдөрүнө интернет кошуу иштери жүрүп жатат.