POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунда туристтик милиция Германиянын жарандарына жардам көрсөттү. Германиялык Перк достору менен Ысык-Көлгө эс алууга келген. Алардын мотоцикли Каракол шаарында бузулуп калган.
Жардамга муктаж туристтерди туристтик милициянын кызматкерлери байкап калып, алар менен англис тилинде баарлашкан ызматкерлер, туристтер машина оңдоочу жай издеп жатышкандарын билишкен.
Туристтик милициялар меймандарды жакынкы жерде жайгашкан машина оңдоочу жайга алып барып, ал жердеги механиктер мотоциклдерин оңдоп берген соң, туристтер жолун андан ары улап кетишкен.