Бир жылдан бери салынып бүтпөгөн аялдама
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Лермонтов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде өткөн жылы жол салынып, аялдамага орун калтырышкан. Бирок аялдаманын орду турат, ал эми өзү салынып бүттө элек. 

Үстү жабылган эмес, отургучтары жок, орду эле турат. Арадан бир жыл өттү, бирок дагы деле салынбай турат. Ишти баштагандан кийин аягына чыгарышпайбы. Бишкек шаарынын мэри чечип берсе болот эле,- деген автор "Элдик репортерго" кайрылган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.