Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 7 миллион сом которулду
Новость www

POST1RIGHT Экономикалык кылмыштуулукка  каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы  коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 7 миллион  сомдон ашык  каражат  которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы “Биринчи радиого” билдирди. 

 Маалыматка ылайык, аталган ведомство  тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке  763 миллиондон ашык каражат  которулган.