Гурбангулы Бердымухамедов өлүмү тууралуу ушак тараткандар кармала баштады
Новость www

POST1RIGHT Түркмөнстанда президенттин өлүмү тууралуу ушак  тараткандар кармала  баштады.  Бул тууралуу «Түркмөнстандын хроникасы» басылмасы  жазды.  Маалыматка ылайык,  Лебап облусунда  3 адам кармалды. 

Алар — «Түркмөнтелекомдун», суу чарбасынын жана жергиликтүү турак жай коммуналдык чарбасынын кызматкерлери. Instagram социалдык тармагында түркмөнстандык жылдыздар күйөрмандарын ушактарга ишенбөөгө чакырып жатышат. 

Ошондой эле шоу-бизнестин өкүлдөрү президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу маалымат тараткан адамдарды уяткарып, #duryalan (жалганды токтот) хэштеги менен билдирүү жарыялашты.