POST1RIGHT Кырсыкта жабыркаган автомашинасын оңдотуу үчүн эми жарандар атайын маалымкат көрсөтүшү керек болот.
Өкмөттүн бул багыттагы токтомун Ички иштер министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, транспортто жол кырсыгына мүнөздүү жабыркатуу болсо, айдоочу аны оңдоо үчүн милициядан техникалык тейлөө станциясына маалымкат алып келет. Эгер мындай документ жок болсо, ремонт жүргүзүлбөйт, ал эми техниктер бул тууралуу укук коргоо органдарына кабарлашы керек.
Мындай чара жол кырсыктарды ыкчам иликтөө максатын көздөйт.