Эскилиги жеткен электр түркүктөр качан алмаштырылат?
Новость

POST1RIGHT

Ош облусунун Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында электр түкүктөрдүн эскилиги жетип, авариялык абалга келип калган.

Бул электр түркүктөр 1969-жылдары орнотулган, ошол бойдон алмаштырыла элек. Жамгыр жааганда жарыксыз отуруп калабыз. Мынтип кулайын деп турган түркүктөрдүн жанынан балдар мал айдап өтүшөт. Кокус кулап кетсе ким жооп берет? Жергиликтүү бийлик биздин айылдын электр түркүктөрүн жаңылатып коюшса жакшы болот эле,- деген автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.