Кызыл-Жолдогу суу канал айыл тургундары үчүн кооптуу
Новость

POST1RIGHT

Видеодо көрүп турган суу канал, Баткен облусунун Баткен районунун Кызыл-Жол айылында жайгашкан. Өтө кооптуу жана агымы өтө бат болгондуктан айылдын жашоочулары балдарын кеңири көчөгө чыгара алышпайт. Бул каналда жыл сайын кырсыктар болуп турат. Ал эми бул жол менен күн сайын окуучулар мектепке барышат, алардын коопсуздугу каралган эмес. Мындан ары да бул каналдагы суу 3 айылга бөлүнөт. Биз суранат элек ушул каналды тийиштүү тараптар четтерин тосуп беришсе, - деп суранган айыл тургундары видео тартып жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.