Ош: суу жок, саргайган бак-дарактар
Новость

POST1RIGHT

Ош-Кара-Суу жолунун боюндагы бак-дарактарга суу берилбей, саргайып, куурап жатат. Бул тууралуу автор видео тартып жөнөткөн. Бул жер такыр каралбай калыптыр. Суугарган эч ким жок. Жолдун ортосунда атайын гүлдөрдү отургузганга жерлер бар. Бирок азыркы учурда каралбай чөп басып, чөптөр саргайып кеткен. Мурун бул жер жапжашыл болуп турчу. Суу түтүктөрү тартылып, жашылдандыруу иштери жүрсө жакшы болмок. Тийиштүү органдар ушул жерди карап коюшса жакшы болмок. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.