Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын макамы өзгөрдү
Новость www

POST1RIGHT Өкмөт Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын макамын өзгөртүү жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети деп атоо тууралуу токтом чыгарды. 

Тиешелүү токтомго  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 

Токтом бир катар багыттар боюнча кадрларды даярдоону жакшыртуу, юриспруденция, экономика, башкаруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында кабыл алынды.