POST1RIGHT
Бул видеодо көрүп турган, Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда Эр-Тайлак, Ак-Таң көчөлөрүнүн таштанды төгүүчү жайы. Таштандылар урнага батпай, ар кайсы жерде чачылып жатат. Деги эле Арча-Бешиктин кайсыл көчөсүнө барба таштанды төгүүчү урналарга таштандылар үйүлүп турганын көрөсүң.Тазалык ишканасынын кызматкерлери убагында алып кетишпейт. Ар дайым видеодо көрүп тургандай чачылып жатат. Жагымсыз жыттынан жанынан өтө албайсын. Бишкек шаарынын мэри көзөмөлдөп койсо болот эле,- деген билдирүүсүн жөнөткөн окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.