POST1RIGHT
Кара-Балта шаарындагы Кара-Балта көчөсүндө мурун 2 бала бакча болгон. Бирок 2000-жылы белгисиз себептерден улам 2 тең менчиктештирилип, анын бирөөсүнүн ордуна үй салынып, ал эми бирөөсүнүндө 3 үй-бүлө жашап жатат. Бул чоң көчө болгондуктан элдер көп жашайт. Азыркы убакта жергиликтүү тургундар бала бакча жок убара тартышууда. Кайрадан бала бакчаны кайтарып беришин суранып жатышат, -деген шаар тургуну "Элдик репортерго" билдирүү жиберген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.