POST1RIGHT
"Элдик репортер" рубрикасына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда сапатсыз жол оңдоо иштери боюнча билдирүү келип түшкөн. Автордун билдирүүсү боюнча, жол оңдоо иштери Каба айылында жүрүп жатат. Видеодо кургак эле жерге асфальт төшөлүп жатканын көрүүгө болот.
Топуракты сүрдүрүп эле үстүнө асфальт төшөп жатышат. Асфальттын калыңдыгы болгону 5 см. Мынтип өкмөтүн акчасын жөн гана коротпой, жол салбай эле коюшпайбы. Эмне кереги бар мунун? 1 айга жетпей эле татыгы чыгат бул жолдун. Көзөмөл кылган барбы буларды?- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.