POST1RIGHT
Буга чейин "Элдик репортерго" Талас облусунун Сасык-Булак жана Кара-Ой айылынын жолдорунда жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Бирок жолубуз буга чейин оңдолгон, эч жеринде оюлган жери жок. Эми ушул жолго кайрадан үстүнө шагыл төшөп, жол оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө. Эмне үчүн жакшынакай турган жолду кайрадан жасап жатышат? -деген билдирүү түшкөн. Дал ушул оңдолгон жолдо 30-июлда саат 23:50 чамасында Кара-Ойдун мүрзөсүнүн жанынан айдоочу жолдон тайгаланып, жолдун четине чыгып кетип даракты сүзгөн. Оор жаракаттардан улам 3 киши каза болгон.
Асфальттын үстүнө шагыл төшөлгөн үчүн жол тайгак болуп жатат. Мунун кесепетинен унаалар тайгалынып кырсык болууда. Шагыл чала төшөлгөнбү, белгисиз. -деген айыл тургуну кайрадан билдирүү жиберген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.