Баткен: айыл тургундарын түйшөлткөн жол
Новость

POST1RIGHT

"Элдик репортер" рубрикасына Баткен облусунун тургуну жол маселеси боюнча видео материал жиберген. Видеодо тартылган жол Кара-Бак айылына бара жаткан жол. Жолдо союз учурунан бери такыр оңдоо иштери жүргөн эмес. 

Жамгыр жааган убакта өтүүгө болбой калган учурлар болот. Айыл өкмөтү эч көзөмөлгө албайт. Жергиликтүү бийлик көңүл бөлүп, жолубузду оңдоп берип койсо болот эле,-дейт видеосу менен бөлүшкөн автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.